36 метрлик көпүрө унаа өтүүгө ачылды (Видео)

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу учурунда тажиктер тарабынан жардырылган Көк-Таш-Аксай-Тамдык жолунун Дача-Чайкана участкасындагы 7 чакырым жолдогу 36 метрлик көпүрө унаа өтүү үчүн ачылды  

Бул жакта көпүрөгө кире беришти калыбына келтирүү үчүн атайын 7 техника иштетилгени айтылды. 

Бүгүнкү күнгө көпүрөдөн жеңил машина жана оор жүк ташуучу унаалар өтсө болот.

Оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жетектөө транспорт жана коммуникация министринин орун басары Т.Тиллаевгн тапшырылган.  

17-сентябрда Көк-Сай-Акта—Тамдык жолунун Дача-Чайкана участкасында  тажик аскерлери Ак-Суу дарыясыга орнотулган 36 метр көпүрөнү жардырышкан.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. Жаракат алгандардын саны 185 кишиге жетти. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты