№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу: Шайлоо бюллетенинде талапкерлердин кезеги аныкталды (Тизме)   

  • 12 месяцев мурун

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүгөн мурда шайлоодо шайлоо бюллетенинде талапкерлердин кезегин белгилөө боюнча чүчүкулак өткөрдү.

Ага  парламент депутаттыгына талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Шайлоо бюллетенинде талапкерлер мындай тизме менен сунушталат.  

  1. Айдаралиева Таалайкул
  2. Айтбаев Акыл
  3. Суваналиев Өмүрбек
  4. Мураталиев Бакытбек
  5. Сарылдык уулу Илгиз
  6. Субанов Айбек
  7. Аттокур уулу Илимбек
  8. Эмилов Темир
  9. Жээнбеков Равшан
  10. Кадралиев Асылбек
  11. Скорняков Андрей
  12. Айткулов Муктарбек
  13. Тербишалиев Данияр
  14. Сагидаева Салтанат
  15. Керимбеков Бакыт
  16. Искаков Эртай
  17. Сариев Улан
  18. Камбаров Мирлан
  19. Бекназаров Руслан 
  20. Касмалиев Ажыбек
  21. Рысалиев Бактыбек
  22. Исмаилова Карачач
  23. Булекбаев Эркин
  24. Тазабекова Гүлшат
  25. Кунакунов Максат
  26. Мадылбеков Эльдар
  27. Ниязалиева Дамира 
  28. Медеров Азамат
  29. Бакир уулу Турсунбай
  30. Макешов Кубанычбек
  31. Токталиев Акин 
  32. Маликов Аким

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга депутаттын жазган арызы себепчи болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жапырт мушташкандар арасында байкалган. 11-мартта кечинде Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине келгендер андагы коопсуздук кызматкерлери менен мушташып кеткен. Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалым болгон.

БШК Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын жалпы суммасы 18  млн 636 миң 500 сом  бекитти.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты