Бир мандаттуу Ленин шайлоо округу: Шайлоо чыгымдарын санайбыз

  • 1 год мурун

БШК Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын жалпы суммасы 18  млн 636 миң 500 сом  бекитти.  

Анын ичинде:

— БШКнын чыгымдарынын сметасын 13200,5 миң сом суммасында, анын ичинде 2023-жылдын 28-майына дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоого жана өткөрүүгө зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды шайлоо комиссияларынын жүзөгө ашыруусу үчүн каражаттар;

— № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 5436,0 миң сом суммасында, бул каражаттар төмөн турган шайлоо комиссияларыүчүн Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүштүрүлөт.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссисынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат үчүн:

Смета төмөн турган шайлоо комиссияларын ачуу, техникалык жактан жабдуу жана алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон бардык чыгымдарды эске алуу менен түзүлөт (бир шайлоо комиссиясындагы мүчөлөрдүн саны 13-15 адамдын чегинде белгиленген). ОШК жана УШК мүчөлөрүнүн жалпы саны 817 адамды түзөт:

— 1 ОШКда – 13 адам,

— 51 УШКда – 708 адам.

Ошондой эле техникалык жактан колдоо көрсөтүүчү топторго ишке тартылган 96 адиске эмгек акы, автоматтык эсептөөчү урналарды (АЭУ) тейлеген, саны 96 адамдан турган ишке тартылган операторлорго (алардын саны шайлоочулардын санына жараша болот) сый акы төлөнөт.

Мындан тышкары, күнү-түнү иштегенге байланыштуу ОШК жана УШК мүчөлөрүнө, идентификация боюнча операторлорго, ошондой эле коопсуздукту жана тартипти камсыздоо үчүнтартылган ИИМ кызматкерлерине (102 адам) добуш берүү күнү жана анын мурунку күнү бир күнгө 500 сомдон тамактанууга суткалык чыгымдарды төлөп берүү мыйзамда каралган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты