№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу: Үгүт иштери жүрүп жатат

  • 12 месяцев мурун

Бишкек шаарынын №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо өнөктүгү 8-майдан башталды, ал 27-майда саат 8:00дө аяктайт.

Бул убакыт аралыгында үгүт иштери төмөнкүдөй ишке ашырылат:

•  Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;

•  Үгүт багытында коомдук иш-чараларды өткөрүү аркылуу (митинг, чогулуш, теледебаттар), бирок калктуу конуштардын спорттук аянтчалары менен көчөлөрүндө концерт, театрлардаштырган оюн-зоокторду жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат;

•  басма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;

•  Конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда;

Талапкерлердин катышуусундагы теледебаттар  22-майдан  25-майга чейин УТРКда өтөт.

Талапкерлердин катышуусундагы дебаттардын графигин ылдыйдагы шилтеме аркылуу табасыз: https://shailoo.gov.kg/ru/news/6674/

— Шайлоо тилкелериндеги шайлоочулардын актуалдуу тизмеси менен таанышууга мүмкүндүк берген «Тизме» мамлекеттик порталы  https://tizme.gov.kg/;

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутатын шайлоо 2023-жылдын 28-майы, жекшемби күнү өтөт.

Шайлоого 32 талапкер катталды. Талапкерлердин тизмеси төмөнкү шилтемеде:  https://shailoo.gov.kg/ru/news/6669/
— «Шайлоо тилкелери жана аймактары» геомаалыматтык системасы
https://gisuiktec.shailoo.gov.kg/Map;

— автоматташтырылган башкаруу тутумдарына жана кол менен эсептөөгө ылайык шайлоочулардын катышуусун жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын карап чыгуу үчүн иштелип чыккан Кыргы Республикасынын  маалыматтык тандоо системасы аркылуу https://newess.shailoo.gov.kg/ru/home;

— шайлоолор жана референдумдар боюнча статистикалык маалыматтарды камтыган «КР БШКнын ачык маалыматтары» веб-ресурсу https://shailoo.gov.kg/ru/otkrytye-dannye-cik/;

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутатын шайлоо 2023-жылдын 28-майында, жекшемби күнү өтөт.

Шайлоого 32 талапкер катталды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Буга депутаттын жазган арызы себепчи болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты