Президенттикке талапкер көрсөтүү башталды
- 2 недели мурун
Президентттикке талапкер көрсөтүү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Кабар” агенттигине билдирди. Ошондой эле БШКнын кайрылуусунда дагы белгиленди.
“Азыркы учурдан тартып каалоочулар өз талапкерлигин көрсөтө алышат. Ал үчүн шайлоо фондун ачып, 1 млн сом өлчөмүндө төлөмдү төгүшү керек. Андан кийин тиешелүү документтерин тапшыра берет” деди Шайназаров.
Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрына чейин аяктайт.
Жалпы шайлоо укугунун принциптерине ылайык, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары президентти шайлоого жана добуш берүүгө укуктуу.
Конституцияга ылайык, 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны президент болуп шайлана алат. Шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колун топтогон жана өз шайлоо фондунун каражатынан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндө шайлоо төгүмүн төккөн адам президенттикке талапкер болуп каттала алат.
Президенттин кызмат ордуна талапкер коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат менен ырасталат. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.
Борбордук шайлоо комиссиясы президентти шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын түздү. Анын жалпы суммасы 1 млрд 200 млн сомду түзөт.
Президенттик шайлоого катышуу ниетин президент Садыр Жапаров жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




