24.kg агенттиги мүлкүн камактан чыгаруу өтүнүчү менен УКМКга кайрылды

  • 3 месяца мурун

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылды.

Медианын сайтындагы маалыматка караганда, Оторбаева УКМКнын башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Эрлан Акынбековго жазган өтүнүч катында алардын кеңсеге кириши эмне себептен жана эмненин негизинде чектелгенин билбей жатканын белгилеген.

«Талаштуу макаланын эч кандай терс кесепеттери же резонанстар катталган жок. Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында материалдык зыян келтирилген эмес» деп айтылат катта.

Мыйзамга ылайык, жазык иши өндүрүшкө алынган адамга карата тергөөчү прокурордун макулдугу менен судьяга шектүүнүн, айыпталуучунун, материалдык зыяндын же моралдык зыяндын ордун толтурууга жооптуу адамдын мүлкүн камак алуу жөнүндө токтом чыгарат.

«Камакка алуу эгерде шектүүнүн же айыпталуучунун кылмыштуу иш-аракеттеринен улам ал кылмыш куралы же каражаты катары колдонулган же колдонууга ниеттенген делип эсептелгенде гана жүргүзүлүшү мүмкүн» деп айтылат катта.

Асел Оторбаеванын маалыматы боюнча, медианын камакка алынган мүлкүнүн протоколу берилген эмес жана кеңсеге кандай негизде мөөр басылып, жабылганы белгисиз.

24.kg агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева жана редактору Махинур Ниязова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде экинчи ирет суракта болуп чыгышты.

Нурбек Сыдыковго шилтеме менен маалымдалгандай, алар күбө катары тайтак турган суроолорго жооп беришкен.

Алты күн мурда да 24.kg маалымат агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева жана редакторлору Махинур Ниязова, Антон Лымарь Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде төрт сааттай суракта болуп чыгышты.

“Тинтүү учурунда компьютерлер, ноутбуктар, электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар жана башка кылмыш ишине тиешелүү боло турган далил буюмдар алынды” деп билдирди УКМК басма сөз кызматы.  Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.    

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесиндеги тинтүү иштери кылмыш кодексинин 407-беренеси, согушка үгүттөө боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирди.  

19-январда президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда сөз эркиндигин, медиа-коомчулукту жана көз карандысыз журналистиканы колдоо үчүн бөлүнгөн гранттык каражаттар «туура эмес багытта» колдонулуп жатканын айткан.

«Бул гранттык каражаттар максатка ылайыксыз пайдаланылып, бийликтин беделин түшүрүү, мамлекеттик саясатты жаманатты кылуу, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу, Конституциялык түзүлүшкө каршы чыгууга үндөп, улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан анык эмес маалыматтарды таратууга жумшалып жатат», — деген ал.

Журналисттердин камалышына АКШнын мамлекеттик департаменти, ЕККУ, Евробиримдик, Улуу Британия баштаган бир топ мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтери, Орусиянын эркин журналисттери, Human Rights Watch, Адам укуктары боюнча Хельсинки комитети баштаган бир катар эл аралык уюмдар кабартырлануусун билдирүүдө.

Сүрөт: ПолитКлиника.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты