УКМК 24.kg агенттигиндеги тинтүү козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирди  

  • 4 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесиндеги тинтүү иштери кылмыш кодексинин 407-беренеси, согушка үгүттөө боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирди.  

“Тинтүү учурунда компьютерлер, ноутбуктар, электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар жана башка кылмыш ишине тиешелүү боло турган далил буюмдар алынды” деп билдирди УКМК басма сөз кызматы.  Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.    

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп жаткандыгы маалымдалган.

«Биздин кеңседе УКМК кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатат. Медиа Полиси Институтунан адвокаттарды жана юристтерди киргизбей жатышат» деп айткан редактор Ниязова.

Кийинчерээк кеңсеге адвокаттардын бирин киргизгени маалымдалган.

24 kg агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева менен редакторлору Махинур Ниязованы, Антон Лымарды суракка алып кетишти. Бул тууралуу «ПолитКлиниканын» кабарчылары жеринен билдирди.

УКМК басма сөз кызматы 24.kg маалымат агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева менен редакторлор Махинур Ниязованы, Антон Лымарды суракка алып кеткени боюнча маалымат берген жок.

Ошондой эле 24. kg маалымат агенттигинин кеңсесинен беткапчан кызматкерлер техника, аппаратураларды чыгарып кетип жатышканы, кеңсеге да мөөр басылып, бекитилип коюлганын «ПолитКлиниканын» кабарчылары жеринен билдирген.

Күч кызматкерлеринин коштоосунда автоунаага кирип баратканда Асел Оторбаева аларга кылмыш иши козголгонун билдирди. Махинур Ниязова иш “Украинадагы согуш боюнча жазылган макалага” байланыштуу экенин айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты