24.kg агенттигинин башкы директору жана редакторлору сурактан чыгышты (Видео)

24.kg маалымат агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева жана редакторлору Махинур Ниязова, Антон Лымарь Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде төрт сааттай суракта болуп чыгышты.

Бул тууралуу «ПолитКлиниканын» кабарчылары жеринен билдиришти.

Жактоочу Нурбек Сыдыков журналисттерди сылык-сыпаа суракка алышканын, алар суракка өз убагында келүүгө милдет алганын айтты. Жактоочу сурактын чоо-жайын айтпоо тууралуу тилкат берилгенин да белгиледи.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп жаткандыгы маалымдалган.

«Биздин кеңседе УКМК кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жатат. Медиа Полиси Институтунан адвокаттарды жана юристтерди киргизбей жатышат» деп айткан редактор Ниязова.

Кийинчерээк кеңсеге адвокаттардын бирин киргизгени маалымдалган.

24 kg агенттигинин башкы директору Асел Оторбаева менен редакторлору Махинур Ниязованы, Антон Лымарды сурак берүүгө алып кетишкенин «ПолитКлиниканын» кабарчылары жеринен билдирди.

“Тинтүү учурунда компьютерлер, ноутбуктар, электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар жана башка кылмыш ишине тиешелүү боло турган далил буюмдар алынды” деп билдирди УКМК басма сөз кызматы.  Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.    

Күч кызматкерлеринин коштоосунда автоунаага кирип баратканда Асел Оторбаева аларга кылмыш иши козголгонун билдирди. Махинур Ниязова иш “Украинадагы согуш боюнча жазылган макалага” байланыштуу экенин айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесиндеги тинтүү иштери кылмыш кодексинин 407-беренеси, согушка үгүттөө боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирди.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты