Садыр Жапаров кармалган журналисттер жөнүндө пикирин айтты

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине журналисттердин эки айга камалганы жана аларга козголгон кылмыш иши, 24.kg маалымат агенттиги боюнча маек берди.

«24.kg маалымат агенттигинин имаратында Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренесинин («Согушту үгүттөө») негизинде козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-изилдөө иш-чаранынын алкагында тинтүү жүргүзүлгөн. Ошол эле күнү сурактан кийин редакциянын кызматкерлерин коё беришти. Иш иликтенүүдө. Өлкө мыйзамдарында көрсөтүлгөн тиешелүү жол-жоболор өтүшү керек», — деди президент.

Садыр Жапаров кармалган журналисттерди «кесипкөй эмес» деп атады. «Алар социалдык тармактарды пайдаланып, ар кандай билдирүүлөрдү, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган маалыматтарды жоопкерчиликсиздик менен жарыялаган блогерлер. Экинчиден, ар бир укуктук башка мамлекеттердегидей эле Кыргыз Республикасында да мыйзам алдындагы жоопкерчилик деген бар. Буга байланыштуу маалыматтын ишенимдүүлүгү үчүн ар бир адам, биринчи кезекте өзүн журналист, блогер деп эсептегендер жоопкерчиликтүү болушу керек.

Айрым блогерлер жана активисттер ачыктан-ачык эле жалган маалымат тараткандыгына өзүбүз далай жолу күбө болдук. Көп учурда атайылап же билбестен аймактар аралык, диний жана этникалык кастыкты козутуу аракеттери, конституцияга каршы аракеттерди жасоого чакырыктар, башаламандыктар болгон», — дейт Садыр Жапаров.

Эске салсак, 16-январда милиция “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кызматкерлерин кармап кеткен.

Ички иштер министрлиги алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Массалык тартипсиздиктер») 3-бөлүмү («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу») менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышканын билдирген.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген журналисттерди эки айга камаган. Сот алар 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) отурат деген чечим чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты