​Орхан Инандыны өткөрүп берүүнү Түркия 2 жыл мурун сураган

  • 3 года мурун

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны Түркияга өткөрүп берүү талабы 2019-жылы айтылган.


Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жараны экенин эске алып, Кыргызстан Түркиянын бул өтүнүчүнөн баш тарткан.

«Орхан Инанды кыргыз жарандыгын 2012-жылы, декабрда, башкача айтканда, 2016-жылы Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети болгонго чейин бир топ убакыт мурун алган. Түркия Орхан Инандыны террорчулук жана башка оор кылмыштар боюнча айыптоодо. 2019-жылы аны өткөрүп берүү өтүнүчү келип түшкөн, бирок биз баш тартканбыз. Ошондон кийин эки тараптуу мамилелер салкындап кетти», — деди Айбек Артыкбаев.

Эске сала кетсек, бир аптадан бери дайыны билинбей жаткан Орхан Инанды Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында кармалып турушу мүмкүн деген божомолун анын жубайы Рейхан Инанды билдирген.

Бул боюнча ТИМ өкүлү:

«Эгерде Ички иштер министрлигинин тергөө тобу Тышкы иштер министрлигине Орхандын жубайынын айткандары боюнча элчиликтин имаратын текшерүүнү өтүнгөн кат жиберсе, анда биз аны Түркиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жиберебиз», — деди министрдин орун басары.

УКМК 1 — июнда тараткан маалыматында, Орхан Инандыга карата уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү тарабынан чабуул уюштурулуп, ал уурдалышы мүмкүн экендиги 2019-жылы эле эскертилген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты