​Орхан Инандыны уурдоого аракеттер болоору 2019 – жылы эле УКМК тарабынан эскертилген

  • 3 года мурун

Бүгүн түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалган «Сапат» билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды табыла элек.


УКМКнын маалымат кызматы 1 — июнда Орхан Инандыга карата уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү тарабынан чабуул уюштурулуп, ал уурдалышы мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар болгонун айтты.

«Тергөө жана ыкчам иш — чараларынын жүрүшүндө 2019 – жылы эле Орхан Инанды УКМКнын тергөө органдары тарабынан ушундай коркунуч бар экендиги жөнүндө маалымдалган. Текшерүү иштери күчөтүлүп, ага жан сакчыларды жалдоо жана сактык чараларын күчөтүү сунушталган», — дейт УКМКнын маалымат кызматы.

Президент Садыр Жапаров УКМК жана ИИМ башчыларына бул окуя боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүүнү, кошумча күч тартууну тапшырган.

«Сапат» билим берүү мекемелеринин жамааты журналисттер үчүн бүгүн маалымат жыйын өткөрүшүп, анда жактоочу Зоотбек Кудайбергенов:

«Биздеги тастыкталбаган маалымат боюнча күч колдонуп, Бишкекте тирүү кармап турушат. Автоунаасы Октябрь районундагы бир кафенин жанынан табылды. Анын ичинде баалуу буюмдар жоголгон эмес. Бул — уурдап-тоноо үчүн болгон эмес дегенди түшүндүрөт», — деди.

Көп өтпөй, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында ондогон адамдар митинг өткөрүштү.

2016 — жылдын июль айындагы Түркиядагы ийгиликсиз аскердик төңкөрүштөн кийин учурдагы Түркия бийлигинин башкы каршылашы Феткуллах Гүлен жана анын тарапташтарына кысым күчөгөн.

Азербайжан, Казакстан сыяктуу түрк тилдүү өлкөлөрдө гүленчилерге таандык «Себат» билим берүү мекемелери ишин токтотууга аргасыз болгон. Расмий Анкара 2016 — жылы Кыргызстанда да «Себат» мектептерин жабуу талабын койгон.

2019-жылы Кыргызстандагы ошол кездеги түрк элчиси Камил Женгиз Фырат Орхан Инанды менен муфтият уюштурган ооз ачаар иш — чарасына чогуу чакырылган.

Буга нааразы болгон түрк элчиси чыр чыгарып, «же бизди, же тигилерди тандагыла» — деген талабын айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты