​Орхан Инандынын табылышын талап кылгандар бүгүн да митингге чыгышты

  • 3 года мурун

1 — июнга караган түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалган «Сапат» билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды дагы деле табыла элек.


Анын тарапташтары, «Сапат» билим берүү мекемесинин жамааты жана бүтүрүүчүлөрү бүгүн, 3 – июнда, дагы митингге чыгышты.

Ак үйдүн алдына чогулган 200дөй адамдын 5 өкүлү Жогорку Кеңештин имаратына кирип кетишти. Алар 3 күндөн бери бийлик өкүлдөрүнө Орхан Инандыны аман – эсен таап берүү талабын коюп келишет.

«Сапат» билим берүү мекемеси кечээ, 2- июнда жетекчиси Орхан Инандынын жашырылган жери боюнча маалымат бергендерге акчалай сыйлык убада кылды. Купуялуулукту убада кылышкан алар, маалыматы барларды 0550 049 050; 0555 155 144 телефон номерлерине чалып коюуну өтүнүшкөн.

Мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты