​«Сапаттын» башчысы Орхан Инандыны белгисиз бирөөлөр уурдап кеткени кабарланды

  • 3 года мурун

Мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен.


Окуя боюнча анын жакындары Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазышкан.

30 жылдан бери Кыргызстанда эл аралык стандартта билим берген бир канча мектептерин жана Кыргыз-түрк «Ала-Тоо» университетин негиздеген «Себат» мекемеси акыркы жылдары Кыргызстан менен Түркиянын мамлекеттер аралык мамилесинин салкындашына себеп болгон.

2016-жылдагы Түркияда ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштүн башкы уюштуруучусу катары расмий Анкара Феткуллах Гүленди айыптап, ал негиздеген «Себат» билим берүү мекемелерин жаптырууга аракет кылып келет.

2016-жылы Түркия Кыргызстандагы «Себат» окуу жайларынын ишин токтотууну кыргыз бийлигинен талап кылган. Ошол кездеги Президент Алмазбек Атамбаев мындай талапка баш ийген эмес жана «Себаттын» аталышын «Сапатка» өзгөртүп, Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийген, кыргыз окуу жайлары катары ишин уланта берээрин билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты