Алмазбек Баатырбеков жана Данияр Нарымбаев кармалды
- 4 года мурун
“Кумтөр” кенинин тегерегиндеги коррупцияга шектелип, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана экс- биринчи вице-премьер-министр, «Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмазбек Баатырбеков УКМК тарабынан кармалды.
Бул тууралуу өздүк булактарыбыз билдирди.
Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» ишканасы менен байланышкан иште коррупцияга аралашкан деп айыпталып, 31-майда УКМК тарабынан кармалган жана эки айга камакка алынган.
«Кумтөр» ишинин алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана экс – депутаттар Талантбек Узакбаев, Исхак Пирматов 31 – майда камакка алынышкан.
31 — май күнү Биринчи май райондук соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
«Кумтөр» иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев 31 – июлга чейин камакта калтырылды.