УКМК: Манас шаарындагы спорт мектебин реконструкциялоодо коррупция фактылары аныкталды

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Манас шаарындагы Олимпиадалык резервдин регионалдык мектебинде оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү жана кошумча инфраструктураларды куруу учурунда мамлекетке 7 288 597 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгенин аныктады.

Билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери подряддык уюмдар менен сүйлөшүп алып, мектептин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн президенттин фондунан бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн өздөштүрүп алышкан.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө иш-чараларынын алкагында техникалык көзөмөл боюнча адис К.К.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө улантылууда.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты