«Ак-Тилек автожол» өткөрмө пунктунда коррупциялык схеманын катышуучулары кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 16-августта «Ак-Тилек автожол» өткөрмө пункту аркылуу жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз өткөрүп турган туруктуу коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Чек ара кызматынын жана Салык кызматынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын кызматкерлери акчалай сый акы үчүн коммерциялык жүктөрдү ташыган оор жүк ташуучу унаалардын Кыргыз Республикасынын аймагына тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздап, ошол эле учурда расмий документтерде аларды бош унаалар катары катташкан.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Чек ара кызматынын аскер кызматкери Э.у.Ч., Салык кызматынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын Түндүк аймактык кызматкерлери Ж.М.Т. жана О.К.И., ошондой эле оор жүк ташуучу автотранспорттун айдоочусу Н.М.С. жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, жогоруда аталган адамдар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты