​Өмүрбек Бабанов эки айга камакка алынды

  • 3 года мурун

Мурдагы Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды.


Бүгүн, 2 — июнда экс-премьердин бөгөт чарасын кароо ишинде, ал судьяга ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Бирок өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» ишканасы менен байланышкан иште коррупцияга аралашкан деп айыпталып, 31 — майда УКМК тарабынан кармалган.

Эске сала кетсек, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» ишканасы боюнча 4 кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын, бир катар экс-чиновник, депутаттарга суроолор бар экенин айткан.

«Келишимге кол койгон бардык чиновниктердин жоопкерчилигин карайбыз. «Кумтөрдөн» колдоо алып жүргөн депутаттар боюнча да иштер бар. Бул куру айыптоолор эмес, конкреттүү айыптары менен козгологон конкреттүү кылмыш иштери», — деген Камчыбек Ташиев.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты