Салмак-габариттик көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери коррупциялык схема түзүүгө шектелүүдө
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Транспорттук көзөмөл чөйрөсүндөгү кызмат адамдары акчалай сый акы үчүн салмак-габариттик ченемдерди бузган оор жүк ташуучу унаалардын тоскоолдуксуз өтүшүнө шарт түзгөн коррупциялык схема уюштурушууга шектелүүдө.
Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта айтылгандай, транспорт департаментинин айрым жетекчилиги жана Чүй облусундагы транспорттук жана салмак-габариттик көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери аныкталган мыйзам бузууларды каттабаган эмес жана тиешелүү жоопкерчилик чара көргөн эмес.
Белгиленгендей, оор жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн системалуу түрдө 2 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча каражатын алып турууга шектелүүдө.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. Тергөө иши жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Башкы прокуратура




