​Адвокат: Милиция Айзаданын өлүмүн иликтебей жатат

  • 3 года мурун

Уурдалып өлтүрүлгөн 27 жаштагы Айзада Канатбекованын адвокаты Нурбек Токтакунов милиция шалаакылыгын улантып жатат деп билдирди. Ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кайрылып, өткөн жума күндөн бери Айзаданын өлүмү боюнча иштеп жаткан милиция кызматкерлери менен байланыша албай жатканын айтты:

«Сөөк табылгандан бери беш күн өттү. Тергөөчү ушул күнгө чейин Айзаданын апасын жабырлануучу катары каттабаптыр жана иш боюнча сураган да эмес. Бул окуя боюнча шектүүлөр кармалып, экспертиза дайындалып жаткан соң, жабырлануучу тарап иликтөөгө катышууга укуктуу. Бул аракети менен милиция бизде шек жарата баштады. Милиция окуя болгон жерге эмес, Айзаданын апасынын айылына барып, коңшуларынан кыздын жүрүм-туруму тууралуу сурап жүрүшөт. Туугандарын чакырып алып, милициянын шалаакылыгы тууралуу ооз ачпоого үндөп жатышат. Иш боюнча алар эмне менен алек болуп жатышканы белгисиз».

Адвокат Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынынтергөөчүлөрү менен чогуу эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине кайрылып, бул ишти аягына чыгаруу үчүн толук кандуу кызматташууга чакырган.

Айзада Канатбекованын өлүмү кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүүдө. Ишти Бишкек ШИИБи тергөөдө.Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасы кыздын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин аракетин иликтөө максатында «Шалаакылык» беренеси менен кылмыш иши козгогон. Тергөө ишин жүргүзүү УКМКга тапшырылган.

Адвокаттын айыптоосуна азырынча Бишкек милициясынан жана УКМКдан жооп алууга мүмкүн боло элек.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз үч адам күчтөп унаага салып кеткени тууралуу маалымат милицияга 5-апрелде саат 7:30 чамасында берилген. Бул учур жол боюндагы кафенин видеокамерасына түшүп калган. Тасма ошол эле күнү интернетке тараган.
Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди. Теңизбаев Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду. Айзаданын өлүмүнө байланыштуу төрт киши кармалды.

Бул окуя коомчулукта милицияга карата сын-дооматты күчөттү. Бишкек менен Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 9-апрелдеги буйругу менен Бишкек ШИИБнин башчысы Бакыт Матмусаев орун басарлары менен, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Асылбек Казакеев жана башка 12 жетекчи кызматтан алынган. 32 кызматкерге түрдүү тартип жазалары берилген.

Кыргызстанда кыз уурдоого байланыштуу кандуу окуя буга чейин да катталган. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты