​Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы кызматтан бошотулду

  • 3 года мурун

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы боюнча иликтөөнүн негизинде Ички иштер башкармалыгынын бир канча жетекчилери кызматынан бошотулду.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун маалыматына ылайык, алар кызматтык милдеттерин так аткара албагандыгы үчүн ишинен алынышты.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, Бишкек ШИИББнын башчысы Бакыт Матмусаев, анын коомдук коопсуздук боюнча орун басары Эрлан Атантаев, Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов ээлеген кызмат ордуларынан бошотулган.

Мындан сырткары, Биринчи май РИИБнин башчысы Акылбек Казакеев, анын орун басарлары Искен Базаркулов, Кубан Суранчиев, Айбек Озубеков, тергөөчүлөр жана нөөмөтчүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Кызматтан бошотулгандардын арасында Чүй ОИИБнин эки нөөмөтчү кызматкери да бар.

Ошондой эле, ИИМдин бир канча кызматкерлерине «катуу сөгүш» жарыялангандыгы айтылат.

Тергөөнүн жыйынтыгында жалпысынан милициянын 44 кызматкери жазаланды.

Бишкек ШИИББ башчысынын милдетин аткаруучу болуп милициянын полковниги Азамат Ногойбаев дайындалганы белгилүү болду.

Эске сала кетсек, Айзада Канатбекова 5-апрель күнү белгисиздер тарабынан уурдалып, эки күндөн кийин анын жана аны уурдаган адамдын сөөгү Арашан жана Чокморов айылдарына жакын талаада автоунаанын ичинен табылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты