Гемодиализ кызматын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду

Бюджеттик гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө медициналык документтерге жана “Гемодиализ” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна көптөгөн анык эмес маалыматтарды киргизүү фактылары аныкталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн, ошондой эле каза болгон бейтаптарга гемодиализ процедуралары жүргүзүлгөндүгү тууралуу жалган маалыматтарды каттоо, техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан «жасалма бөйрөк» аппаратында бир убакта бир нече гемодиализ сеансы катталганы жана айрым жеке менчик медициналык уюмдар тарабынан лицензиялык кубаттуулуктан ашык көлөмдө кызмат көрсөтүүлгөндүгү аныкталган.

Натыйжада мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 226 млн 967 миң сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан жооптуу кызмат адамдарга карата кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) жана 348-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: prokuror.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты