Бишкекте уурдалган кыздын сөөгү табылды

  • 3 года мурун

Бишкектеги көчөлөрдүн биринен уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү табылды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кызды уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши аны муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгонун кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 7-апрелде Аламүдүн райондук милициясына Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаада аялдын жана эркектин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып Айзада Канатбекованы уурдаган деп шек саналган кишинин «Honda Civic» үлгүсүндөгү машинесин көрүшкөн. Анын ичинен изделип жаткан кыздын кыйноого алынып өлтүрүлгөн сөөгүн жана бычак жеп каза болгон шектүүнүн сөөгүн табышкан.

Баштапкы маалымат боюнча экөөнүн ортосунда чыр чыгып, шектүү кызды өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайган. Тиешелүү соттук медициналык экспертизалар дайындалды.

5-апрелде таңкы саат 7:30 чамасында Бишкек шаардык милициясынын 102 кызматына Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар кызды уурдап кеткени жөнүндө маалымат түшкөн.

Социалдык тармактарда үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тасма тараган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты