Айзаданы уурдоого шектүүлөр кармалды

  • 3 года мурун

Криминалдык милициянын кызматкерлери Айзада Канатбекованы уурдоого шектүү эки жаранды кармады. Ушуну менен бул кылмыш ишине байланыштуу төрт киши кармалды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 8-апрелде 26 жаштагы Т.К. Бишкекте, 30 жаштагы Н.О. Жалал-Абад облусунда кармалды. Ушул тапта тергөө иштери уланып жатканы кабарланды.

Айзада Канатбекованы уурдоого шек саналып 7-апрелде 29 жаштагы Р.А., 8-апрелде 26 жаштагы К. Т. колго түшүп, шаардык милициянын тергөө абагына киргизилген.

Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалып, изделип жаткан. Аны үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду.

Айзада Канатбекова — бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. 8-апрелде Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты