Президент “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра кайтарат

  • 4 года мурун

Мамлекет башчыга кол коюуга келген «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке кайтарат.

Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда, коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде билдирди.

Президент мыйзамдын негизги философиясын — жалган маалыматка каршы күрөшүү зарылдыгын колдойт.

«Мага бир топ кайрылуулар келип түштү. Жогоруда айткандай, мыйзамга кол коюумду өтүнгөн, мыйзамга вето коюумду өтүнгөн эки тарап бар. Мен эки тараптын тең жүйөөлөрү менен тааныштым. Ток этерин айтканда — бул мыйзам керек. Бирок, аны дагы бышырыш керек» деп белгиледи мамлекет башчы

Президент өзүнүн конституциялык укугуна таянып бул мыйзамды кайра иштеп чыгуу үчүн кайтара турганын билдирди.

«Бул мыйзам боюнча медиа тармактын өкүлдөрүнүн, депутаттардын, менин аппаратымдын, тийиштүү министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда аны кайрадан иштеп чыгууну сунуштайм. Анткени бул мыйзам бизге керек. Баса белгилеп айтам, бул сөз эркиндигин чектөө эмес. Фейктерге каршы, жалган маалыматка каршы мыйзам керек» деди Жээнбеков.

«Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш экинчи, үчүнчү окууда дагы кабыл алган. Болгону 10 гана депутат каршы чыкты, 79 депутат макул деп добуш берген.

«МААЛЫМАТТЫ МАНИПУЛЯЦИЯЛОО ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМ ДОЛБООРУНА КАРШЫ «ПОЛИТКЛИНИКА» МЕДИАСЫНЫН МАТЕРИАЛДАРЫ:

Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоорунда конституциялык негизги принциптер бузулду”;

«Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбооруна каршы жөө жүрүш;

Журналисттер, медиа уюмдар жана жарандык коом өкүлдөрү Президент Сооронбай Жээнбековду «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзамга кол койбоого чакырып, социалдык тармакта акция уюштурду;

Аттарын эстеп калгыла! Парламент «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу»мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды;

Каршылыкка карабай, ЖКда «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү;

«Маалыматты манипуляциялоо» мыйзам долбооруна каршы акция уюштурулду;

«Маалыматты манипуляциялоо»: Мыйзам долбоору комитетте 2-3-окууда колдоо тапты;

Депутаттын плагиаты. Россиялык мыйзамдын кезектеги көчүрмөсү;

Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонованын мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кандай болот? Мисалдар менен;

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорундагы плагиат жана манипуляция;

“Маалыматты манипуляциялоо” тууралуу мыйзам долбоору интернет материалдарга көзөмөлдү күчөтөт;

Сүрөт: «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы акциядан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты