Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонованын мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кандай болот? Мисалдар менен.

Жогорку Кеңеште депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонованын «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоору14-майдан баштап коомдук талкууга чыгарылды. Эгер ал мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кандай болот? Эмне өзгөрүүлөр күтүлөт?

Аны социалдык тармактардын мисалында карап көрөлү.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса:

  • Мыйзамга ылайык, интернет сайтта же интернет баракчада чындыкка дал келбеген маалымат жарыяланды деп сотсуз эле маалыматка чектөө коюлат.
  • Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кайсы бир текшерүүчү орган туура эмес маалымат берилген же манипуляция болгон деп интернет сайтты же социалдык тармактагы баракчаны блоктоп коюуга укугу бар.
  • Башкача айтканда, цензура киргизилет.
  • Соцтармактагы баракча блоктолот.
  • ЖМК блоктолот.
  • Тамаша блоктолот.
  • Кооптуу комментарий блоктолот.
  • Бирөөнүн постун бөлүшсөң да, кооптуу деп табылса, блоктолот.

Фейсбук социалдык тармагынан колдонуучулардын аккаунтунан мисалдарды келтирели да, ага мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кайсы бир цензура уюму буга кандай чара көрмөктүгүн карап көрөлү.

Цензура: Азамат Касыбековдун «Ичкичтер министрлиги» деп жазганы үчүн аккаунту блоктолот жана өчүрүлөт. Себеби бул постто «Ички иштер министрлиги» деген мамлекеттик органды «Ичкичтер министрлиги» деп атап, ал мекемени туура эмес атап, шек келтирип жатат.

Цензура: Марс Черикчиевдин постундагы таластыктар тууралуу бул пикир аймактар аралык кастыкты козутту деп блоктолот.

Цензура: Нур Адилдин бул салыштыруусу мамлекеттик кызмат адамынын беделин түшүргөн пикир катары бааланат.


Цензура: Мелис Апсаматовдун тамашасынын саясий боёгу болгондугуна карабай, постту бөлүшкөн Жолдошбек Сыдыкович да, посттун ээсинин аккаунту да блоктолот,



Цензура: Канышай Мамыркулованын бул постунан Жогорку Кеңештин депутаттарынын кадыр-баркына доо келтирилди деп табылат.


Цензура: Нурсадык Ормонбаевдин бул посту «таза аба сатылып жатат» деп элди дүрбөлөңгө салгандыгы үчүн блоктолот.


Цензура: Жамиля Насирова «Азаттыктын» кабарын бөлүшкөндө «Шадиевди качып кеткиче, шалпайып карап отурган генпрокурор, Жогорку соттун төрайымы, Финполу, ИИМдин министри да отставкага кетсин! Көчүгүнө 3 млрд долларга жакын каражатты басып алган жемкор Шадиевдин качып кетишине жардам берген, «Ак тамдагы крышасы ким?» деп комментарийлегени үчүн блоктолот.

Цензура: Назгүл Мамытова депутатты «Такеша» деп теңтуш болуп пост жазганына байланыштуу аккаунту өчүрүлөт.


Цензура: Сайттын бул материалын бөлүшкөндө мамлекеттик структуралардын ишине шек келтирип комментарийлегени үчүн Аскер Сакыбаеванын аккаунту блоктолот.

Цензура: Мурат Жетимишбаевдин постунда фразеологизм менен айтылган күмөндүү ой жатканы үчүн блоктолуп, жоопко тартылат.

Цензура: Күнболот Момоконовдун бул постундагы «Бир ууч топ элдин ырыскысын жеп бүтө турган болду. Пыркыратура» деп жазганы үчүн аккаунту блоктолуп, өзү жоопкерчиликке тартылат.


Цензура: Аманбол Бабакулов Тынчтык Алтымышевдин постун бөлүшүп, алдын ала Асылбаеванын мыйзам долбоору өтпөйт деп

депутаттардын чечимине таасир берип, алардын башын айландырганы үчүн жана Тынчтык Алтымышев ал постту жазып, башкаларды өзүнүн посту менен кызыктырып, бөлүшүүгө шарт төзгөнү үчүн аккаунту блоктолот.

Цензура: Депутат кокусунан жаңылып калса, аны шылдыңга алганы үчүн Нурия Кийизбаеванын аккаунту өчүрүлүп, Тазабек Икрамовдон кечирим суроого мажбурланат.

Цензура: Төрага менен депутатты шылдың кылгандыгы үчүн Аркарбек Мамытовдун аккаунту блоктолот.


Цензура: Мирлан Ташиев » Сенин атаң же чоң атаң ууру болгон, элин-жерин саткан акмак болгон деген сөз,
азыркы 95%пайыз саясатчылардын балдарын күтүп турат» деп азыркы саясатчыларга шек келтирип, элди козутканы үчүн посту блоктолот.

Эгер Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонованын «Маалыматты манипуляциялоо» мыйзам долбоору кабыл алынып кала турган болсо, мындай мисалдар турмушта толтура болот. Бизге андай мыйзам долбоорунун кереги барбы?

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты