​“Маалыматты манипуляциялоо” тууралуу мыйзам долбоору интернет материалдарга көзөмөлдү күчөтөт

Кыргызстандын парламентинде коомдук талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген “Маалыматты манипуляциялоо” тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Интерньюс — Кыргызстан аталган мыйзам долбоору интернет материалдарга көзөмөлдү күчөтөрүн баса белгиледи.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде «жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды Интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоо ушул мыйзам долбоорунун максаты болуп саналат” деп жазылат.

“Интернет мейкиндигинде маалымат жайылтууга байланышкан укуктук мамилелерди: укуктук мамилелердин субъектилерин, ыйгарым укуктуу органдын жөнгө салуу учурундагы функцияларын, Интернет провайдерлери менен колдонуучуларынын укуктары менен милдеттерин аныктоо, Интернетти колдонуу учурундагы юридикалык жактан маанилүү иш-аракеттер жасалган жерди жана убакытты аныктоо эрежелерин белгилөө жолу менен жөнгө салуу ушул мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат” деп айтылат.

Ошондой эле чет элдик тажрыйбага шилтеме берилет

2018-жылдын 1-январында Германия Федеративдүү Республикасында “Социалдык түйүндөрдөгү укук колдонууну жакшыртуу жөнүндө” мыйзамы же Германияда “Facebookе” жөнүндө” деп атап алышкан мыйзам күчүнө кирген. Мыйзамга берилген түшүндүрмөдө белгиленгендей, бул мыйзамдын негизги максаты –– ачык, эркин жана демократиялуу коомду коргоо, ошондой эле касташуу тили жана фейктерди жайылтууга каршы күрөш болуп саналат.

Евробиримдик өлкөлөрүндөгү “фейк жаңылыктарга” каршы күрөшүү боюнча Францияны мисал кылса болот.

Айталы, 2018-жылдын 20-ноябрында Франциянын улуттук жыйыны шайлоо алдындагы мезгилде “фейк жаңылыктарга” каршы күрөшө турган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамын кабыл алган. Мыйзам долбоорунун демилгечиси президент Эмманюэль Макрон болгон.

Улуу Британияда 2019-жылдын апрелинде британиялык интернетти “дүйнөдөгү эң коопсуз интернет” кылууга арналган онлайн-коопсуздук боюнча чаралар сунушталган.

Аларга ылайык, технологиялык компаниялар өз колдонуучуларын террорчулукка, зомбулукка, балдар порнографиясына же бурмаланган маалыматты жайылтууга байланышкан контенттен коргоого милдеттендирилген.

Жогорку Кеңеш депутаттары мыйзам долбоорун Евро биримдик практикасынан алып демилгелегени байкалат.

Мыйзам долбооруна ылайык, интернетте жалган маалыматты же анык эмес маалыматты таратууга болбойт, ал эми маалымат жайгаштырылган сайт же баракча ээси мыйзамдарды сактоого милдеттүү.

Эл өкүлдөрүнүн ою боюнча, жалган же анык эмес маалымат чыгып калганда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сотко чейин маалыматка жеткиликтүүлүктү чектөө тууралуу чечим чыгарат, ал эми ал талапты аткарбаганда сот органдарына кайрылат.

Мыйзам долбоорунда ошондой эле провайдер сот органдарына колдонуучу тууралуу маалыматты берүүгө милдеттүү экени айтылат.

Интернетке уруксат бул учурларда ачылат:

— маалыматты чектөөгө алып келген себептин четтетилишине жараша;

— соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча.

Мыйзам долбоорунда интернет колдонуучу жана сайт/ баракча колдонуучу төмөнкү милдеттерди аткарышы керектиги каралган:

  • Сайтта же баракчада өзүнүн аты-жөнүн жана электрондук дарегин “юридикалык маанилүү билдирүүлөрдү” жиберүү үчүн көрсөтүшү керек;
  • -сайтта же баракчада жалган жана анык эмес маалыматтардын таралышына жол бербеш керек;
  • Жалган маалыматка чектөө коюу керек.
  • -маалыматты КР мыйзамдарына ылайык келтириш керек.

Үн, тексттик жана башка билдирүүлөрдү жарым жыл сактоо сунушу берилүүдө

Провайдер Кыргыз Республикасынын аймагында Интернет түйүнүнүн колдонуучуларынын үнү менен жазылган маалыматтарын, жазуу тексттерин, сүрөттөрүн, добуштарын же башка электрондук маалыматтарын кабыл алуу, берүү, жеткирүү жана (же) иштеп чыгуу фактылары жөнүндө маалыматты жана ушул колдонуучулар жөнүндө маалыматты мындай иш-аракеттер аяктаган учурдан тартып алты ай ичинде сактап турууга, ошондой эле аталган маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда сот органдарына, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун коргогон же ыкчам-иликтөө ишмердигин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдарга берүүгө милдеттүү.

Мыйзам долбоорунун толук тексти бул шилтемеде:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты