Интернетти чектеген мыйзамга Президентти кол койбоого чакыруу акциясы өтүүдө

  • 4 года мурун

Журналисттер, медиа уюмдар жана жарандык коом өкүлдөрү Президент Сооронбай Жээнбековду «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзамга кол койбоого чакырып, социалдык тармакта акция уюштурууда.

Мыйзамдын демилгечилери аталган мыйзам фейк аккаунттар, жалган маалыматтар менен күрөшүүгө багытталганын айтканы менен, ал техникалык жактан кантип иштеп кетээрин түшүндүрүп бере алышкан жок.

Айрым депутаттар болсо бул мыйзам долбоору фейктер менен күрөшө албай турганын, бул парламенттик шайлоонун алдында өз пикири бар, же сын пикир айткан адамдардын оозу жабууга колдонулат деген пикирлерин айтышты.

Мыйзамга каршы пикирлерин билдирип, журналисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин жанында митинг дагы уюштурушкан.

«Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш экинчи, үчүнчү окууда дагы кабыл алды. Болгону 10 гана депутат каршы чыкты, 79 депутат макул деп добуш берген.

Эми мыйзам Президентке кол коюуга жиберилген.

Депутаттар мыйзам долбооруна кантип добуш бергендиги тууралуу бул видеодо.

Видео: Кактус медиа.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты