​Дамир Мусакеевдин соту эртең уланат

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевдин соту бүгүн, 23-майда, Бишкектин Свердлов райондук сотунда болду.

Мыйзамсыз баюу беренеси боюнча сот өкүмдү угузмак. Бирок Мусакеевдин жактоочусу Темирлан Кожахетов ооруп калгандыктан, соттук териштирүү эртеңкиге жылдырылды.

Ал эми Мусакеевдин Кызмат абалынан кыянат пайдалануу айыбы боюнча сот жабык өттү.

Дамир Мусакеевге мыйзамсыз баюу жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча айып тагылган

Мусакеев жана анын тарапташтары коюлган айыптар боюнча күнөөсү жок деп , бул экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы катары саясий куугунтук экенин билдирип келүүдө.

УКМКнын 9-кызматын Дамир Мусакеев 2016-жылдын июнь айынан 2018-жылдын апрель айына чейин башкарып келген.

Сүрөт:Интенет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты