Дамир Мусакеев мүлкүн көрсөтүп, кезекти Райым Матраимовго берди (Видео)

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-башкармалыгынын экс-башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев ЖМК өкүлдөрүнө мүлкүн көрсөтүп, эмки кезекти Райым Матраимовго өткөрүп берээрин айтты.

Дамир Мусакеев Аламүдүн районунун Маевка айылынан 2006-жылы жер сатып алып, эми үй куруп жаткандыгын айтты.

«Эми мендей кылып, өзүнүн мүлктөрүн ачык көрсөтүүнү эл оозунда шайлоонун спонсору деп айтылып жүргөн Райым Матраимовго өткөрүп берсем дейм» деди Мусакеев.

9-кызматтын мурдагы башчысы ага тиешелүү деп Баш прокуратура билдирген мүлктүн өзүнө таандык төрт документин көрсөттү. Калгандары жакындарыныкы жана кээ бири тууган да эмес кишилердики экенин айтты.

Дамир Мусакеевге эки кылмыш иши козголгон.

Биринчиси 9-кызматтын башчысы болуп турганда кызматтык батир боюнча кызмат абалынан пайдаланып, туура эмес бөлүштүргөн деп айыпталып жатат.

Экинчиси—мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иши 7-майда козголгон.

Баш прокуратура Мамкаттоо кызматынын маалыматына таянып, 9- башкармалыктын экс-башчысы Дамир Мусакеевдин кыймылсыз мүлкүнүн көбү ал 9-кызматта иштеген 2010-2017-жылдарга туура келээрин тастыктаган. Бирок анын мүлкү ата-энесине, агайын — туугандарына катталганын билдирди.

Кыймылсыз мүлк жалпысынан 20 млн сомго бааланган. 7- майда Кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (мыйзамсыз баюу) менен айып тагылууда.

Дамир Мусаккев 2016-жылдын июнь айында 9-кызматтын башчылыгына дайындалган. 2018-жылдын апрель айында кызматтан алынган.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты