“Дамир Мусакеевге козголгон кылмыш иши—саясий өңүттө”

“Дамир Мусакеевге козголгон кылмыш иши--саясий өңүттө”УКМКнын тогузунчу кызматынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев суракка чакырылды.

Бул тууралуу КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

“Дамир Мусакеев Алмазбек Атамбаевди Бириккен Араб Эмираттарына жеке сапарында коштоп барган. Кечээ күнү аны аскердик прокуратурага суракка чакырышты. Кечинде Биринчи май райондук соту бөгөт коюу чарасын карап – башка жакка кетпөө жөнүндө кат алуу чечимин чыгарды.

Ал УКМКнын тогузунчу кызматын жетектеп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп эч негизсиз эле шектелүүдө. Кылмыш иши мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери арасында кызматтык турак-жайды бөлүштүрүү тууралуу болуп жатат. Баса белгилей кетчү жагдай, бир дагы кызматтык батир менчиктелген эмес. Демек, мамлекетке эч кандай материалдык доо кеткен жок.

Биздин юристтердин айтымында, Дамир Мусакеевге коюлуп жаткан доо юридикалык жактан алып караганда — келечеги жок. Ошондуктан биз бул иш саясый өӊүттө болуп жатат дейт элек» деп билдирди КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева

Дамир Мусакеев 2016-жылдын июнь айында УКМКнын тогузунчу кызматынын башчысы болуп дайындалган, кызмат УКМК төрагасынын орун басары рангында болгон. 2018-жылы 4- апрелде Мусакеев кызматынан өз каалоосу менен бошонуп кеткен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты