9-кызматтын экс-башчысы Дамир Мусакеев 20 млн сомдук мүлктү кайдан алган?

  • 5 лет мурун

Баш прокуратура Улуттук мамлекеттик Коопсуздук Комитетинин 9-башкармалыгынын экс-башчысы Дамир Мусакеевдин кыймылсыз мүлкүнө байланыштуу түшүндүрмө берди.

Баш прокуратура Мамкаттоо кызматынын маалыматына таянып, УКМКнын 9-башкармалыгынын экс-башчысы Дамир Мусакеевдин кыймылсыз мүлкүнүн көбү ал 9-кызматта иштеген 2010-2017-жылдарга туура келээрин тастыктады. Бирок анын мүлкү ата-энесине, агайын — туугандарына катталганын билдирди.

Кыймылсыз мүлк жалпысынан 20 млн сомго бааланат.

9-кызматтын эсебине караганда, кыймылсыз мүлктүн баасы Дамир Мусакеевдин мамлекеттик кызматта (2010-2017-ж.ж.) иштеп жүргөн жылдарындагы кирешесинен алда канча көп, ал эле эмес, анын жакын туугандарынын баарынын кирешесинен бир нече эселеп көп.

Бул боюнча материалдар 7-майда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды жана Кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (мыйзамсыз баюу) менен айып тагылганын жана сотко чейинки тергөөгө алынганын Баш прокуратура маалымдады.

Дамир Мусакеев 2016-жылдын июнь айында 9-кызматтын башчылыгына дайындалган. 2018-жылдын апрель айында кызматтан алынган.

Ага чейин Мусакеев 9-кызматтын башчысынын орун басары, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон.

УКМКнын 9-кызматы мамлекеттин биринчи кызмат адамдарын: президент, премьер-министр, Жогорку Кеңеш төрагасы, Жогорку сот төрагасын жана стратегиялык жайларды кайтарат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты