​Орхан Инанды террордук уюм түптөгөн деп айыпталууда

  • 3 года мурун

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга Түркия бийлиги айыбын угузду.


Ал «террордук уюм негиздеген жана аны жетектеген» деп айыпталууда.

Ошондой эле Орхан Инандыга «ФЕТО террордук уюмунун жогорку даражалуу 25 мүчөсүнө Кыргызстандын жалпы жарандык паспортторун алып берүүгө көмөктөшкөн» деген дагы айып тагылып жатканын Түркиянын «Анадолу» агенттиги жазып чыкты.

Эске сала кетсек, 5-июль күнү Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган ФЕТО террорчу уюмунун Орто Азия боюнча жооптуу адамы Орхан Инанды атайын кызмат тарабынан кармалып, Стамбул шаарына алынып келингенин кабарлаган.

Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майынан 1-июнуна караган түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалган. Аны табуу талабы менен Кыргызстанда бир канча ирет митингдер уюштурулуп, өлкө башчысы Садыр Жапаров аны издеп табуу боюнча бардык күч органдарынын күчүн тартууга тапшырма берген.

Орхан Инандыны уурдоого аракеттер болоору 2019 – жылы эле УКМК тарабынан эскертилгенин, ага жан сакчыларды жалдоо жана сактык чараларын күчөтүү сунушталганын 1-июнда атайын кызматтын маалымат кызматы кабарлаган.

Аны Түркияга өткөрүп берүү талабы 2019-жылы айтылганын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында 7-июнда билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты