Бабанов камакта калды. Тарапташтары эски аянтка чогулду

  • 3 года мурун

Бүгүн, 22-июнда, Бишкек шаардык сотунда “Кумтөр” иши боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы каралды.


Бишкек шаардык соту буга чейинки Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, Өмүрбек Бабанов камакта калды.

Сотко Өмүрбек Бабановдун аялы менен уулу гана киргизилген. Журналисттер, колдоп келген ЖК депутаттары киргизилген жок.

Шаардык соттун алдына чогулган тарапташтары соттон кийин эски аянтты көздөй жөө жасашты.

Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» ишканасы менен байланышкан иште коррупцияга аралашкан деп айыпталып, 31 — майда УКМК тарабынан кармалган.

Эске сала кетсек, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» ишканасы боюнча 4 кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын, бир катар экс-чиновник, депутаттарга суроолор бар экенин айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты