​«Кумтөр» боюнча 4 кылмыш иши тергелүүдө

  • 3 года мурун

«Кумтөр» боюнча мыйзамсыз иштерге баргандардын жоопкерчилиги тууралуу УКМК башчысы Камчыбек Ташиев парламенттеги жыйында айтып берди.


УКМК башчысынын айтымында, учурда 4 кылмыш иши тергелүүдө.

Биринчиси, мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана бир катар өкмөт мүчөлөрү, ошондой эле Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын иш аракеттери боюнча «Коррупция» беренеси менен иш тергелүүдө.

Экинчиси, Жети-Өгүз райондук администрациясы тарабынан айыл-чарба жерлерин «Кумтөргө» мыйзамсыз пайдаланууга берилип, жалпы чыгым 390 млн 977 миң 566 сомду түзгөн.

Үчүнчү кылмыш иши боюнча, Салык кызматынын жана Соцфонддун айрым кызмат адамдарынын иши тергелүүдө. Андагы коррупциялык аракеттерден мамлекетке 9,9 млрд салык, 1, млрд социалдык төлөмдөр түшпөй калган.

Төртүнчү кылмыш иши экологиялык кооптуу заттарды, таштандыларды жүгүртүү эрежелерин бузуу, суунун жана абанын булганышы, экологиялык бузуулардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрбөө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу боюнча иштер тергелүүдө.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты