Өмүрбек Бабанов саясий карьерасы соңуна чыкканын, президенттикке талапкерлигин койбой турганын билдирди

Мурдагы премьер-министр, ишкер Өмүрбек Бабанов   Reporter.kg алдыдагы шайлоодо президенттикке талапкерлигин коюу ниети тууралуу cуроосуна жооп берип, президенттикке талапкерлигин койбой тургандыгын, саясий карьерасы соңуна чыкканын билдирди.

Бабанов мындай деп жооп берди:

-Жок. Негизги максат талапкерлигиңди коюу эмес, мамлекетке жардам берүү, өзгөртүү. Мен саясий карьерамды толук аяктадым, азыр бизнес менен алектенип жатам. Баары мен Мбанк менен алектенээримди билет, мен элге технология боюнча жардам бергим келет, көп технологиялык компаниялар болсо, Мбанк ичинде экосистема өнүгүп жатат. Бул жаатта биздин Кыргызстанга салымыбыз бар,-деди Өмүрбек Бабанов.  

 «Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда «анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү «конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ошондой эле ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

Сүрөттө: Өмүрбек Бабанов. Интернет булактарынан    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты