Таластагы ат чабышта Бабановдун жорголору алдыңкы орундарга ээ болду
- 3 месяца мурун
- Видео
Таласта 9-май Жеңиш күнүнүн урматына өткөрүлгөн ат чабышта мурдагы премьер-министр Өмүобек Бабановдун үч жоргосу алдыңкы орундарга ээ болду.
Бул тууралуу Бабанов Фейсбук социалдык тармагында билдирди.
“Үч жоргом чоң байгелерге жетти: Императрица 9000 метр аралыктагы чоң жорголордун жарышында №1 келди. Роуринг Уотер 5400 метр аралыктагы бышты жорголордун арасында №2-орунду ээледи.Коттонвуд 2400 метрлик кыска аралыктагы (спринт) жарышта №1 келди. Ат чабыш Улуу Жеңиш күнүнө арналган Таластагы оюндардын алкагында өттү.
Чабандестеримди жана саяпкерлеримди чын жүрөктөн куттуктайм” деп жазды Бабанов.
Сүрөт: Видео тасмадан
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




