​Ташиев: Матраимов кайтарган 8 квартираны УКМК кызматкерлерине бөлүштүрүү пландалууда

  • 3 года мурун

Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомду кайтарып берди, анын 1,4 млрд сомун акчалай жана 600 млн сомун мүлк түрүндө, 9 квартира жана соода борборун кайтарды. Матраимов мамлекетке кайтарган 8 квартираны УКМК кызматкерлерине берүү пландалып жатат.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.

— Матраимов тергөө менен активдүү кызматташты. Ал кантип мамлекетке зыян алып келгенин өзү айтып берди. Мисалы мындай ири сумманы кайдан алды деген суроого да жооп берди. Бажыда ар бир машинадан 300 доллардан 3 миң долларга чейин пара түрүндө акы алынып турган. Ал ким менен өнөнктөш болгонун айтып берди: булар Ош бажысынын орун басары, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары. Алар чыгымды төлөп жатышат, — деп билдирди Камчыбек Ташиев.

Азыр Матраимовдун чет жакта байланышы бар экени жана контрабандага тиешеси текшерилип жатканлыгы айтылды.

АКШ каржы министрлиги Райымбек Матраимовго Магнитский Глобалдык мыйзамынын негизинде санкциялар киргизерин жарыялаган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго кошуп, анын жубайы Уулкан Тургунованы да «Магнитскийдин тизмесине» киргизди.

Бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 20-октябрда кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берүүгө макул болгонун билдирген. Ал ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Андан кийин OCCRP, Kloop, Bellingcat жана “Азаттык” радиосунун биргелешкен бир нече иликтөөсү.жарык көрүп, анда Матраимовдун байлыгынын, кылмыштуу топ менен байланышынын бети ачылган

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты