​Садыр Жапаров Өзбекстанга барат

  • 3 года мурун

Бүгүн, 11-мартта, Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга иш сапары менен барат. Анын сапары 12-мартка чейин уланат.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 4-марттагы басма сөз жыйынында кабарлаган.

Министр президенттин Ташкентке сапары кандай багытта экенин жана анда эмне маселелер караларын тактаган жок. ТИМ буга чейин Садыр Жапаровдун кийинки расмий сапары Өзбекстанга мерчемделип жатканын билдирген.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров февралда чет өлкөдөгү алгачкы расмий сапарын Орусиядан баштаган.

2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен барып келди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты