​Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев жолугушту

  • 3 года мурун

Бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Президенттин «Ак ордо» сарайында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду.

Мамлекет башчылары учурашкандан кийин республикалык гвардиянын оркестри Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндерин аткарды.

Ардактуу кароолдун башчысынын рапортунан соң мамлекет башчылары Казакстан Республикасынын мамлекеттик туусуна келип, мамлекеттик символго башын ийишти.

«Ак ордонун» фойесинде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев сүрөткө түшүп, андан кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүгө кирди.

Жапаров менен Токаев эмне тууралуу сүйлөштү?

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөлөр ортосунда өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүн болбой турган маселе жок экендигин билдирди.

«Тескерисинче, биз өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспектилерин кароого ыкчам жана конструктивдүү мамиле жасоо ниетибизди билдирдик» деп айтты Касым-Жомарт Токаев.

Ал Садыр Жапаров башында турган Кыргызстан бардык маселелерди чечүү жана мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу ниетин тастыктаганына канааттанганын билдирди.

Касым-Жомарт Токаев Казакстан дагы өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди ар тараптуу тереңдетүү багытында бекем турарына ишендирди. Ал кыргыз менен казактай жакын эл жок экендигин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын делегациясынын атынан казак тараптын жылуу тосуп алгандыгына ыраазычылыгын билдирди.

Мамлекет башчы болуп шайлангандан кийин, биринчилерден болуп Касым-Жомарт Токаевдин куттуктаганына токтолуп, боордош казак элинин колдоосу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигине айтты.

Президент Садыр Жапаров эгемендүүлүк жылдарында өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин бекем пайдубалы түптөлгөнүн жана кызматташуунун жогорку деңгээлине жетишилгенин — Казакстан жакынкы коңшу эле эмес, Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү экендигин баса белгиледи.

Садыр Жапаровдун белгилешинче, Кыргызстан эки элдин жыргалчылыгы үчүн Казакстан менен ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө багытталган тышкы саясатты мындан ары да жигердүү жүргүзөт.

Коронавирус пандемиясы маалында Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүүдө, биринчи кезекте, алардын башка мамлекеттерден өз Мекенине кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтүү маселелеринде эки өлкө ортосунда конструктивдүү кызматташуунун оң тажрыйбасы калыптангандыгын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди өнүгүүнүн жаңы сапаттуу баскычына көтөрөрүнө, кыргыз-казак стратегиялык жана союздаштык мамилелери мындан дагы тереңдеп, кеңейе тургандыгына бекем ишенерин билдирди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты