​Садыр Жапаров Өзбекстанга 11-12-мартта барат

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга 11-12-мартта барат.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 4-марттагы басма сөз жыйында кабарлады.

Өзбекстандагы сапарынан кийин Жапаров Тажикстан, Түркмөнстан жана Кытайга барары күтүлүп жатат.

Министр президенттин Ташкентке сапары кандай багытта экенин жана анда эмне маселелер караларын тактаган жок. ТИМ буга чейин Садыр Жапаровдун кийинки расмий сапары Өзбекстанга мерчемделип жатканын билдирген.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров февралда чет өлкөдөгү алгачкы расмий сапарын Орусиядан баштаган.

2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен барып келди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты