​Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту

  • 3 года мурун

24-февралда Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселеси талкууланды.

Владимир Путин пандемияга байланыштуу чектөөлөргө жана кыйынчылыктарга карабастан, жеке жолугушуп жатканын белгиледи.

Путин Садыр Жапаровдун Кыргызстандын Президенти болуп шайланышы менен дагы бир жолу куттуктады.

“Биздин өлкөлөрдүн ортосунда жылуу жана тыгыз гана эмес, кызматташтык жана өзгөчө мамиле калыптанып калды. Россия Кыргызстандын соода-экономикалык мамилесинде биринчи орунду ээлегенине кубанычтамын. Силердин өлкөдө ички саясий абалды калыбына келтирүүгө жетише алаарыңыздарга үмүттөнөбүз” деп билдирди Россиянын Президенти.

Бул сапардын алкагында Россияда Садыр Жапаровду бардык деңгээлдеги кеңири күн тартиби күтүп турганын, булардын баары эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызмат кыларын кошумчалады.

Россия Кыргызстанга пандемия учурунда жардам бергенин, пандемияга бөгөт коюудагы Кыргызстандын аракеттерин баалады.

Путин ошондой эле Кыргызстанда орус тилинин расмий макамын сактап калуунун маанилүүлүгүн да баса белгиледи.

Садыр Жапаров чет өлкөгө болгон биринчи сапары Россиядан башталганы эки өлкөнүн кызматташтыгынын деңгээлин билдирээрин баса көрсөттү.

“Биз мындан ары стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилени өнүктүрүү аракетибиз бар” деп билдирди Садыр Жапаров.

Белгилй кетсек, Садыр Жапаров 24-25-февралда Россияда иш сапары менен болот. Ошондой эле Садыр Жапаровдун Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

Сүрөт: КР Президентинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты