​Садыр Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту.

Күн тартибиндеги эки тараптуу артыкчылык берилген багыттар, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелери талкууланды.

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Михаил Мишустин Россия Кыргызстандын тышкы соода боюнча алдыңкы өнөктөштөрүнөн экенин, коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепетинен улам төмөндөп кеткен соода байланыштардын мурунку деңгээлин биргелешкен күч-аракеттер менен калыбына келтирүүгө болорун билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын, ошондой эле орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун алгылыктуу иштерине токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар, айрыкча, соода-экономикалык кызматташтык деңгээлин жогорулатууга даяр экендиктерин билдиришти.

Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россиянын федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык кызматташуунун ролу жөнүндө пикир алмашуу болду.

24-февралда Садыр Жапаров Татарстандын Президенти Рустам Минниханов менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-татар эки тараптуу байланыштарынын келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров 24-25-февралда Россияда иш сапары менен жүрөт. Буга чейин Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты