“Эшек жайлоо десем, чычалашыптыр”. Президент «Чет өлкөлүк өкүл» мыйзамына кайрадан комментарий берди

  • 3 недели мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” же эл арасында айтылып жүргөндөй, “Чет өлкөлүк өкүл” тууралуу жакында кол койгон мыйзамды “Кабар” агенттигине берген маегинде кайрадан комментарийледи.   

-Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, 25 миңдей өкмөттүк эмес уюм катталган болсо, анын 2 миңдейи чет элдик донорлордун каражаттары жана алардын катышуусу менен иш алып барат экен. Ошолор кайра каттоодон өтүшөт. «Чет элдик өкүлдөр» боюнча өзүнчө реестр болот. Болгону эле ошол. Бүгүнкү күнгө чейин кандай иштеп келсе ошондой эле иштей беришет. Эч кандай куугунтук болбойт деп кепилдик берем дедим.

Дагы кайталайм биз аларды куугунтуктайлы деген жерибиз жок. Болгону ачык болсун деп атабыз. Эл билсин деп атабыз кимиси чет өлкөлөрдөн каржыланып атканын. Ошондой эле уставында эмнелерди көрсөтсө, ошолор боюнча иш алып барсын деп атабыз. Мунун эмнеси жаман? Ачыктык болсун дегенди мамлекет алардын акчасына көз артууда деп түшүнбөш керек. Башка өлкөлөрдөн грант алып алса алардын акчасын аяп эмне кылабыз. Миллиондоп эмес, миллиарддап алсын. Болгону ошонун максаттуулугун билели деп атабыз.

«Эшек жайлоо» десем бир тобу катуу чычалашыптыр. Миллиондогон каражаттар өлкөгө кирип, анан кандай максатта сарпталып жатканын көрө албасак бул «эшек жайлоо» эмей анан эмне? Ошол акчалардын бир бөлүгү ички иштерибизге кийлигишип кетпесин деген эле ой. Саясатка аралашкысы келген коммерциялык эмес уюмдар болсо, анда партияларга кошулсун же жаңы партияларды ачып алып иш алып бара берсин. Эч ким кой дебейт.

Мыйзам кабыл алынды. Жаңы эрежеге баш ийип иштеш керек. Бул өкмөттүк эмес уюмдар үчүн кыйынчылык жаратпайт, -деди президент “Кабар” агенттигине берген маегинде мыйзам тууралуу.

Садыр Жапаров 2-апрелде Фейсбук баракчасы аркылуу талаштуу “Чет өлкөлүк өкүл» мыйзам долбооруна кол койгонун Фейсбук баракчасына жазган жана ага комментарий берген.  

“Бизде 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчёт беришчү эмес. Жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен. Эми мындан ары Юстиция министрлигинен эл катары эле каттоодон өтүшөт. Банктан эсеп ачышат. Мындан ары ачык айкын иштей башташат. Буга чейин калкыбызда айтылып келген “эшек жайлоо” деген мындан ары болбойт» деген президент Жапаров.

Ал эми жарандык коом, өкмөттүк эмес уюмдар мамлекет башчынын айткандары чындыкка туура келбегенин билдирип келишет.

Буга чейин, Кыргызстандагы 100дөн ашык жарандык уюм “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” (эл арасында «Чет өлкөлүк өкүл» деп аталган ) мыйзам долбоору боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Анда бул мыйзам кабыл алына турган болсо, өлкөгө эл аралык донорлордон келип жаткан каржылык колдоонун көлөмү кескин кыскара турганы, бул жагдай Кыргызстандагы бир катар тармактарга терс таасир этери жазылган.

Мисал катары, калктын арасында оорулардын айрым түрлөрүнүн көп жайылышы айтылып, учурда кургак учук, ВИЧ, рак жана башка илдеттер боюнча коммерциялык уюмдар жарандарга жардам берип келе жатканы белгиленген. Мындан тышкары мыйзамдын кабыл алынышы билим берүү программаларынын жабылышына, адам укуктарынын абалынын начарлашына, өлкөгө келген инвестициялардын кыскарышына алып келиши мүмкүн экени жазылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты