Бүгүн Президентти шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт

  • 3 года мурун

Бүгүн — 2021-жылдын 10- январында, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум күнү. Шайлоо күнү добуш берүү саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт.

Калктын бирдиктүү реестриндеги тизме боюнча шайлоочулар тизмесине 3 563 574 киши киргизилген.

Президенттикке 17 талапкер ат салышууда.

Референдумга Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй башкаруу формасын тандоо маселеси чыгарылат:

— президенттик республика;

— парламенттик республика;

— бардык варианттарга каршы.

БШКнын 24-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» мыйзамга кол койгон.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө, референдум дайындоо каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты