​Жапаров референдумда башкаруу системасын тандоону сунуштады

  • 3 года мурун

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 10-январдагы президенттик шайлоо менен бирге Кыргызстандын башкаруу системасын тандоо боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады.

Бул тууралуу Жапаров 23-ноябрда “7- каналга” маегинде билдирди.

“Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө бул долбоорду зордоп, “бүгүн-эртең кабыл ал” деп жаткан эч ким жок, элдин талкуусуна койгула деп айтар элем. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбесе, түшкөн сунуштарды кабыл алыш керек. Ошол эле Текебаев, Отунбаевалар көчөдө “сайрабай”, ошол жакка барып сунуштарын беришсин. Мен парламентке башка сунушту айтар элем. Жогорку Кеңешке, былтыр болсо керек эле, Курманкул Зулушев деген депутатыбыз “парламенттик башкарууну каалайсыңбы, же президенттик башкарууну каалайсыңбы?” деген суроону референдумга чыгарууну сунуштаган. Мен ошол мыйзам долбоорун депутаттар алып чыгып, президенттик шайлоодо элдин алдында койсо деп суранат элем”, — деп С.Жапаров билдирди.

Садыр Жапаров референдумда экинчи маселе катары парламенттин түзүмү боюнча суроону кошуу зарыл, мындан соң Баш мыйзамды кабыл алса болот, деп кошумчалады

Жапаров 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды “хандык башкарууга жол ачкан” укуктук механизм катары сынга алды.

Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыкканы 17-ноябрда белгилүү болгон. Аны референдумга чыгарыш үчүн коомдук талкууга коюу тууралуу мыйзам долбооруна 80 депутат демилгечи экени расмий жарыяланды. Кийин ал депутаттардын айрымдары демилгечи болуудан баш тартканын билдиришти жана Баш мыйзамдын долбоорун жазбаганын, аны көрбөгөнүн, ага автор эмес экенин айтып чыгышты.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуудан жана коомдук ишмерден турган Конституциялык кеңешме түзүлдү. Ал кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлдү. Кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Конституциялык кеңешменин иши 15-20 күнгө созуларын болжоду.

Жаңы Конституциянын тарапкерлери, эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын айтып жатышат, ал эми оппоненттер өлкөдө авторитардык бийлик орношу ыктымал деген кооптонуусун билдирүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты