Акылбек Жапаров Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун каржылоо долбоору бекитилгенин билдирди

  • 2 месяца мурун

1-мартта Кашкар шаарында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй болуп үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Анда Акылбек Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун биргелешкен каржылоо долбоору жана техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, бекитилгенин белгиледи. Ал темир жол долбоору өлкөнүн соода-экономикалык байланышын жакшырта турганын кошумчалады.

Ошондой эле ал кыргыз-кытай чек арасынан автожол аркылуу жүктөрдү өткөрүүнүн көлөмүн көбөйтүү тууралуу да айтты:

“Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүктөрдү өткөрүүнүн көлөмүн көбөйтүү маселеси кыргыз жана кытай тарап үчүн да, өзбек тарап үчүн да актуалдуу экендиги талашсыз. Ушул ыңгайдан алганда биздин өлкөлөр үчүн өткөрүү пункттарынын жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда аларды модернизациялоо, аймагын кеңейтүү жана бажы көзөмөлүнүн заманбап каражаттары менен жабдуу керек» деген Жапаров.

Ал өткөрүү бекеттерин саатына 125 унаа өткөрүүгө ыңгайлаштыруу үчүн заманбап текшерүү-кароо комплекстери сатып алынып жатканын, быйыл алар «Торугарт», «Эркечтам» бекеттерине орнотула турганын маалымдады.

Акылбек Жапаров кыргыз тарапта ар бир өткөрүү пунктун суткасына миң унаага чейин өткөрүүгө ыңгайлаштыруу максаты бар экенин кошумчалады.

Акылбек Жапаров 29-февралдан бери иш сапары менен Шинжаң-Уйгур автоном районунда жүрөт. Мунун алдында Жапаров Ма Синжуй менен жолугушууда “Эркечтам” бажы бекетине көмүр базасы менен ленталуу конвейерди куруу үчүн жер бөлүнгөнүн айткан.  

Буга чейин Кашгарда Кыргызстандын, Кытайдын жана Өзбекстандын өкүлдөрү “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун долбоору талкуулана турганы кабарланган.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 2022-жылы сентябрь айында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 15-декабрда Бишкекте өткөн Элдик курултайда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталарын, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүткөнүн билдирген.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты