Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлык чыкты

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциялык кеңешме түзүлөт.

Жарлык боюнча төмөндөгүлөр токтом кылынат:

  1. Конституциялык кеңешме тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
  2. Конституциялык кеңешме конституциялык түзүлүштүн негиздерин өркүндөтүүнүн; адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин; мамлекеттик бийлик системасынын; мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды оптималдаштыруунун жана чектөөнүн концепциясын, ошондой эле жогоруда аталган багыттардан келип чыгуучу башка маселелерди талкуулоону жүргүзсүн, анын жыйынтыгы боюнча “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу сунуштарды Жогорку Кеңешик киргизсин.
  3. Конституциялык кеңешме макулдашылган маселелер боюнча кеңешменин ишинин жүрүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарында мезгил-мезгили менен чагылдырууну уюштурсун.
  4. Конституциялык кеңешме өз ишин Улуттук илимдер академиясынын имаратында өткөрөт деп белгиленсин.
    Конституциялык кеңешменин катчылыгынын функциялары Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
  5. Улуттук илимдер академиясы Конституциялык кеңешмеге иштөө үчүн тийиштүү жай, ал эми анын мүчөлөрүнө имаратка кирүүгө мүмкүндүк берсин.
  6. Конституциялык кеңешменин ишин уюштуруучулук, усулдук, материалдык-техникалык жана башка жагынан камсыз кылуу тийиштүү бөлүгүндө КЮстиция министрлигине жана Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына жүктөлсүн.
  7. Жогорку Кеңеш аппаратынын жана Президенттин аппаратынын басма сөз- кызматтары Конституциялык кеңешменин ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылсын.
  8. Жарлыктын аткарылышын контролдоо Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Мирлан Бакировго жана Президенттин аппаратынын жетекчисине жүктөлсүн.

Конституция долбоору 17-октябрда талкууга коюлары менен коомчулуктун сын -пикирине кабылды. Конституция долбоору өлкөнү артка тартаары,орто кылымдарга алып барары Кыргызстанга коркунуч келээри белгиленип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты