Милиция журналист Эрмек Аттокуров кармалганын кабарлады

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 1 млн сом опузалаганы үчүн А.Э. аттуу жаранды кармады. Бул тууралуу Чүй ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

“Чүй облустук ички иштер башкармалыгына А.Э. аттуу жаран Т. А. аттуу жаран менен сүйлөшүп алып, укук коргоо кызматкеринен 1000 000 сом опузалаганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Чүй облустук ички иштер башкармалыгында катталып, кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси, опузалоо боюнча кылмыш иши козголгон.  2024-жылдын 8-февралында  Чүй облусунун кылмыш иштерди иликтөө башкармалыгын жана ыкчам-иликтөө тобунун жана ИИМдин ички иликтөө кызматкерлери тарабынан 100 000 сом алып жаткан учурда 1986-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалган” деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран убактылуу камак жайына киргизилген.

Облустук ИИБ А.Э. деп инициалын гана белгилеген жаран журналист Эрмек Аттокуровдун аты-жөнүнө туура келет. Ал мурда НТС телеканалында иштечү.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты