Садыр Жапаров: “Мындан ары сырткы карыз алууда коркунуч жок”

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине  берген маегинде тышкы карыз тууралуу суроолорго жооп берди.

-Мындан ары сырткы карыз алууда эч кандай чочулоого негиз жок, коркунуч да жок. Биринчиден, мурда алынган карыздар өзүн-өзү актаган долбоорлорго колдонулган эмес. Кумга сиңген суудай болуп эле жок болуп кеткен. Акыркы убактарда Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна, Датка-Кемин, Бишкек ЖЭБине алынган карыздар туура эле алынган. Бизге бул долбоорлор керек болгон. Бирок эки эсе кымбат болуп калган. Көзөмөл өтө начар болгон, уурдалган. Бул долбоорлор жарым баасына эле бүтмөк. Демек, өзүн-өзү актоо мөөнөтү кыска болмок, — деди президент.

Садыр Жапаров ошондой эле карыздарды эки-үч жылда эле төлөп бүтөбүз дебедиңер беле» деген сындар боюнча буларга токтолду:

-Азыр эми ошол карыздарды төлөө мөөнөтү келип, төлөй баштадык. 2035-жылга чейин мурдагы алынган карыздарыбызды төлөп бүтөбүз. Айрым жарандарыбыз «эки-үч жылда эле төлөп салабыз дебедиңер беле, кана төлөгөнүңөр?!» деген сындарды айтып жатышпайбы. Бардык резервдерибизди топтоп, төлөп салсак болот. Азыр мамлекетибиздин күч-кубаты жетет. Мурда андай эмес эле, аны жакшы билесиңер,-деди Садыр Жапаров.

Ошол эле мезгилде карыз алып жатканда «мөөнөтүнөн мурда төлөйбүз десеңер, анда үстөк пайызы жогору болот» деген шарттары бар экенин да кошумчалады:

-Бирок карыз алып жатканда, макулдашууда «эгер мөөнөтүнөн мурда төлөйбүз десеңер, анда үстөк пайызы алда канча жогору болот» деген шарттары бар экен. Ал бизге пайдасыз, ашыкча чыгым болуп калат. Ошол үчүн өз убагында эле төлөп бүтөбүз. Андан коркунуч жок. Себеби бюджетибиз канча эсе көбөйгөнүн көрүп турасыздар. Мурда бюждетибиз алсыз болгондуктан, чындыгында эле, сырткы карызыбызды кантип төлөйбүз деген коркунуч бар болчу.

Экинчиден, азыркы алып жаткан сырткы карыздарыбыз кайсы долбоорго, кандай шарт менен, кайсы мөөнөттө өзүн-өзү актаарын тактап, “жети өлчөп, бир кесип” анан алып жатабыз.

Бир эле мисал келтирейин. «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга карыз алууга даярбыз. Жакында алабыз. Эгер «Камбар-Ата-1» ГЭСи бүтсө, өзүн 12-13 жылда эле актайт. Андан кийин «Токтогул» ГЭСи сыяктуу өмүр бою мамлекетке пайда алып келет.

Ал эми «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу бизди ойлондуруп турат. Өтө чоң сумма. Бул долбоор өзүн 35-40 жылда актайт. Бирок кыргыз мамлекети дүйнөгө чыгууда туюк болбой транзиттик өлкөгө айланабыз. Ошондуктан, бул жол өмүр бою кыргыз элине, мамлекетибизге кызмат кылат.Бул долбоорду сырттан карыз алуу жолу менен эмес, башкача жол аркылуу ишке ашыруунун жолун издеп жатабыз. Кудай буюрса, бул маселени да чечебиз. Темир жолду курууну жакынкы убакта баштайбыз.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты