​Нооманжан Аркабаев Конституциядан “светтик мамлекет” деген түшүнүктү алып салууну сунуштады

  • 3 года мурун

Бүгүн, 23-ноябрда, Конституциялык кеңешменин отурумунда анын мүчөсү Нооманжан Аркабаев Конституциядан “светтик мамлекет” деген түшүнүктү алып салууну сунуштады.

“Мени молдолордун чоң жамааты чакырып, Конституциядан “светтик мамлекет” дегенди таптакыр алып салууну сунуштады. Бирок алып салуу мүмкүн эмес. “Светтик” деген сөз коомчулуктун бир бөлүгүн кабатыр кылып жатат. Мен анын ордуна “илимге жана маданиятка негизделген мамлекет” дегенди сунуштаар элем” деди Аркабаев.

Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекетти ккомиссиясынын төрагасы болуп дайындалган Акин Токталиев ушундай сунуш менен чыккандыгы белгилүү.

17-ноябрда парламенттин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышкан. Кийин айрым депутаттар мындай демилгесинен баш тартканын билдиришти. 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучунун жарлыгы менен конституциялык кеңешме түзүлүп, коомдук талкууга коюлган долбоор талкуулана баштады.

Долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат.

Ал эми каршы болгон коомдук-саясий күчтөр Конституция өзгөрсө Кыргызстан авторитардык өлкөгө айланат деп кооптонууда. 20-ноябрда Бишкекте алар «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген чукул жыйын өткөрүп, жаңы долбоорду . Бул жыйынга катышкандар Конституциялык кеңешменин курамына киргизилген жок. Айрым укук коргоочулар Кыргызстанда Конституциянын коомдук талкууга коюлган жаңы долбоору жарандардын кызыкчылыгын коргоого эмес, президенттин бийлигин хандыкындай кылып бекемдөөгө багытталганын белгилеп жатышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты